Бүгүн, 9-сентябрда Жогорку Кеңештин Отун-энергетика комплекси жана жер казынасын пайдалануу боюнча жыйынында Кыргызстанды Казакстандын “Кулан көмүр” компаниясынын көмүрү менен камсыз кылуу маселеси каралып жатат.
Жыйынга катышып жаткан вице-премьер-министр Валерий Дилдин айтымында, Казакстандан келчү көмүр жергиликтүү көмүр менен радиациялык жактан бирдей жана арзан.
“Кулан көмүр” арзан жана жакын. Компания көмүрдүн тоннасын 28 доллардан сунуштап жатат. Буга чейин Кыргызстан ар бир тоннасына 42 доллардан акча бөлүп келген”,- деди Диль. Ал эми депутаттар өтө эле уулуу көмүр экенин айтып, каршы чыгышууда.