Бүгүн, 9-сентябрда кышка карата даярдыктар менен жеринен таанышуу үчүн Ош шаардык кеңешинин депутаттарынан турган топ рейд жүргүздү. Бул тууралуу шаардык кеңештин басма сөз кызматы билдирди.
Анда маалым болгондой, мекеме-ишканалар, билим берүү тармагында кышка даярдыктарда маселелер бар экени айкын болду. Андагы көйгөйлөрдү чечүү жолдорун депутаттар 17-сентябрда өтчү сессияда карашат.