Ош шаарында 28 жаштагы У.Н. аттуу жаранга таандык унаадан жардыруучу зат табылды. Бул тууралуу бүгүн, 9-сентябрда Ош ШИИБинин басма сөз кызматы билдирди.
Алынган маалыматка ылайык, Эшматов көчөсүндөгү спорт аянтчасынын жанында токтоп турган Мерседес-Бенц үлгүсүндөгү унаа текшерүүгө алынган. Унаадан 1 даана РГД-5 үлгүсүндөгү жардыруучу зат табылган. Текшерүүгө алганда унаа Луначар көчөсүнүн 28 жаштагы У.Н. аттуу жашоочусуна таандык экендиги аныкталган. Учурда иликтөө иштери жүрүүдө.