Депутаттар “Ар-намыс” фракциясынын лидери Феликс Куловдун атынан келген Казакстандын “Кулан көмүр” ишканасынын көмүрү менен "Бишкек жылуулук электр борборун" камсыздоого уруксат сураган кайрылуусун өкмөткө жиберди. Мындай чечим бүгүн, 9-сентябрда Жогорку Кеңештин Отун-энергетика комплекси жана жер казынасын пайдалануу боюнча комитетинин жыйынында кабыл алынды.
Комитет жүрүшүндө депутат Райкан Төлөгөнов радиациялык фону жогору болуп келген көмүр кайрадан келбейт деп эч ким кепилдик бере албастыгын айтты. Ар жыл сайын бул окуя кайталана баштаганын белгилеген депутат Игорь Гусаров жыл сайын тендерлер жокко чыгарылганын коррупциянын элементи катары баалады. Комитет төрагасы Кожобек Рыспаев чарбалык иштерге кийлигишпей, маселени КР Өкмөтүнө, өздөрүнүн чечүүсүнө жиберүүнү сунуштады.
Жыйынтыгында депутаттардын сунушу менен аталган маселе өкмөткө жолдонду.