Экономикалык кылмыштарга каршы күрөшүү боюнча иштерди текшерүү үчүн депутаттык комиссия түзүлдү

“Мамлекеттик кызмат жөнүндө” мыйзамдын жана коррупциялык, экономикалык кылмыштарга каршы күрөшүү боюнча иштерди текшерүү үчүн депутаттык комиссия түзүлдү. Мындай чечим парламенттин мыйзамдуулук, укук тартиби жана кылмыштуулукка каршы күрөшүү комитетинин 9-сентябрдагы жыйынында кабыл алынды.

Комитет төрагасынын орун басары Галина Скрипкина мүчөлүккө өкмөт өкүлдөрү, президенттик аппараттын өкүлдөрү, мыйзамдуулук, укук тартиби жана кылмыштуулукка каршы күрөшүү комитетинин мүчөлөрү болот жана экономикалык кылмыштарга каршы күрөшүү боюнча мамлекеттик кызматтын адистери кирерин айтты.

Жыйынтыгында комитет тиешелүү депутаттык комиссия түзүү чечимин кабал алышты.

 

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан