
* Мындан 113 жыл мурун, 1901-жылы кыргыз калкынын сыймыгы, мамлекет түптөп, маданият келиштирип, илим-билимге негиз салган интеллигенциянын көрүнүктүү өкүлү, акын, драматург, коомдук ишмер, журналист
Касым Тыныстанов Ысык-Көл районунун Чырпыкты айылында төрөлгөн.
К.Тыныстанов 1920-жылы Кыргыз агартуу институтунун биринчи курсуна өтүп, окуп жүрүп казак тилинде чыккан мезгилдүү басылмаларда, Түркстан АССРинин Эл агартуу комиссариатынын алдындагы казак-кыргыз билим комиссиясында маяналуу кызматтарда эмгектенип, 1920-1924-жылдары "Өрис", "Ак жол" гезиттеринде, "Жас кайрат", "Сана" журналдарында кызматкер болгон. Дал ушул институтта окуп жүргөн төрт жылда К.Тыныстанов кыргыз эли үчүн алгачкы жазуу-чиймени жаратууга, айрыкча мектеп үчүн окуу куралдарын түзүп, кураштырууга киришкен. 
* Мындан 24 жыл мурун, 1990-жылы "Супер-Инфонун" тандоосу боюнча "2012-2013-жылдардын супер ырчы мырзасы" наамынын ээси
Нурлан Насип Токтогул районундагы Терек-Суу айылында туулган. 1997-жылы өзү туулуп-өскөн айылдагы Курама уулу Турусбек орто мектебине кирген. Мектепти аяктаган соң Мураталы Күрөңкеев атындагы музыкалык окуу жайдын салттык аспаптар бөлүмүнө кирип, аны 2010-жылы бүтүргөн. Алгач сахнага 2008-жылы "Жаным" аттуу ыры менен чыккан.

* Мындан 115 жыл мурун, 1899-жылы иллюзионист, гипнозчу жана психиатр
Вольф Мессинг Польшада туулган. Ал бала кезинде лунатизм оорусунан жапа чеккен. 6 жашка чыккан Вольфту атасы диний мектепке берет. Кичинекей бала өзүнүн тез жаттоосу, эс тутуму менен элди таң калтырат. Атасы аны диний чоңураак мектепке берүүнү каалап, бирок Вольф үйүнөн качып, Берлинге бараткан поездге байкатпай түшүп алат. Билет текшергичтер келатканын көргөн бала коркконунан "балким, байкабай калышар" деген ой менен отургучтун алдына жашынат. Текшерүүчүлөр балага кайрылып, билет сурашат. Ал жанында жаткан кагазды билет экен деп ойлошсун деп колуна кармата коёт. Текшерүүчү кагазды карап көрүп, мөөрүн басып коюп жатып, "билетиң колуңда турса аякта эмне отурасың, орундукка отур" деп айтып чыгып кетишет. Вольф ошондон баштап эмнени кааласа адамдар ишенип, ошондой кабыл ала турган өзүндө касиет бар экенин байкап калат.

* Мындан 54 жыл мурун, 1960-жылы Рим шаарында өткөн XVII Жайкы Олимпиада оюндарынын алкагында бул күнкү марафон жарышында буга чейин эч кимге белгисиз эфиопиялык жөө күлүк
Абебе Бикила жеңишке жетишкен. Абебе Бикиланын жылаңайлак чуркап биринчилик мөрөйдү алганы көпчүлүктү таң калтырган.