Алмазбек Атамбаев Башкортостандын президенти менен жолугушту

Президент Алмазбек Атамбаев бүгүн, 9-сентябрда Чолпон-Ата шаарындагы мамлекеттик резиденцияда Башкортостандын президенти Рустэм Хамитовду кабыл алды. Жолугушуунун жүрүшүндө Кыргызстан менен Башкортостандын ортосундагы соода-экономикалык, маданий-гуманитардык жана башка чөйрөлөрдө кызматташуу маселелери талкууланды. Байланыштарды улам күчөтүп, Кыргызстан менен Башкортостандын ортосунда кызматташууну кеңейтүү зарылчылыгы баса белгиленди.

Рустэм Хамитов Кыргызстанга Дүйнөлүк көчмөндөр оюндарын ийгиликтүү өткөрүүнү каалады.

Башкортостандын президенти бүгүн, 9-сентябрда Чолпон-Ата шаарында өтө турган Дүйнөлүк көчмөндөр оюндарынын расмий ачылыш салтанатына катышат.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан