Бишкек санитардык-экологиялык инспекциясы 8 айда 3765 мекемени текшерди

Бишкек шаардык санитардык-экологиялык инспекциясы жыл башынан бери 3765 мекемени текшерди. Муну 9-сентябрда мэрия кабарлады. Борбор шаардын көркөмдүгү менен тазалык эрежелерин бузуу фактылары боюнча 1051 протокол түзүлүп, эреже бузган тараптарга тийиштүү өлчөмдө айып салынды. Инспекция кызматкерлери тарабынан 8 айда таштанды чыгаруу боюнча 2924 мекемеге эскертүү беришкени айтылды. Ошондой эле шаар аймагынан таштанды чыгаруу графигинин сакталышы да көзөмөлдөнүп жатыптыр. Айта кетсек, бишкектиктер эң көп даттанган маселелердин бири - шаар аймагындагы таштандылардын өз учурунда алынбаганы. 
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан