Кыргызстандын президенти Алмазбек Атамбаев бүгүн, 9-сентябрда Чолпон-Ата шаарында Дүйнөлүк көчмөндөр оюндарынын ачылышында сөз сүйлөдү. Президенттин сөзү төмөндө:
"Урматтуу мекендештер! Кадырлуу меймандар! Кыргыз жергесине, кереметтүү Ысык-Көлгө кош келипсиздер!
Кыргыз бермети – касиеттүү Ысык-Көлдүн боюнда тарыхта биринчи жолу өтүп жаткан Дүйнөлүк көчмөндөрдүн оюндары – бул зор окуя. Кыргызстан үчүн чоң сыймык. Бул оюбузду 2012-жылы Бишкектеги саммитте колдоп берген Казакстан, Түркия, Азербайжан президенттерине чоң рахмат! Көчмөндөр адамзат тарыхынын башатында турган, адамзаттын өнүгүшүнө өзгөчө салым кошкон элдерден. Ата-бабаларыбыздын – көчмөндөрдүн философиясын, жашоо-турмушун иликтеп билүүгө биз милдеттүүбүз. Өткөн заманды, өз тамырын билгендер, келечекке да жолду таба алат.
Көчмөндөрдүн оюндарынын тушоосу кыргыз жеринде кесилгени бекеринен эмес. Кыргыз эли – көчмөндөр цивилизациясын түптөгөн, анын башында турган, тарыхка, каада-салтка бай, байыркы көчмөн элдердин бири. Ата-бабаларыбыздын ыйык сөзүн, мурасын бийик тутуп, биргелешип келечекти куралы. Кудай ушул жолубузду ачып берсин! Бул жолду боордош элдер, санаалаш мамлекеттер менен бирдикте гана басып өтө алабыз. Биздин түпкүлүгүбүз бир. “Курама жыйып журт кылдым” деп Манас атабыз айткандай, башка улуттар, боордош элдер менен ширелишип турмуш куралы.
Урматтуу мекендештер!
Кадырлуу коноктор! Бүгүн биз, көчмөн элдердин урпактары, жүрөгүбүздө ата-бабаларыбыздын рухун, духун, атуулдук сезимин жандандырууга милдеттүүбүз. Ынтымакта жашаганды үйрөнсөк, чыр-чатакты токтотсок, тарыхыбызды, түпкүлүгүбүздү эстесек, анда сөзсүз жаркын, улуу келечекке ээ болобуз. Касиеттүү Ысык-Көл боюнда байыркы доор менен келечек дал келип, бетме-бет жолугушуп тургансыйт. Бул оюндар көчмөн элдердин тарыхын, өнөрүн, маданиятын, табиятын дүйнөгө даңазалап, биздин биримдигибизди, ынтымагыбызды ширетет.
Урматтуу мекендештер! Агайын туугандар! Бүгүн башталып жаткан Дүйнөлүк көчмөндөр оюндары, албетте, өлкөдөгү туризмдин өнүгүшүнө, ошондой эле өзгөчө Ысык-Көл облусунун өнүгүшүнө зор салым кошот. Бүт дүйнө үчүн Кыргызстандын эң сонун жарнамасы болот. Ошондуктан өлкөнүн аброю үчүн тартипти сактап, конокторду сыйлап, татынакай өткөрөлү.
Урматтуу оюндардын катышуучулары! Сиздер улуу көчмөн бабалар - Атилла, Огуз хан, Манас, Чыңгыз хан, Бабырдын урпактарысыздар. Жараткан колдоп, бүгүн тушоосу кесилип жаткан Дүйнөлүк көчмөндөр оюндары ийгиликтүү өтсүн! Ынтымакты, биримдикти ширетсин! Кудай элдерибизге жакшылык, береке берсин!
Урматтуу мекендештер! Кадырлуу коноктор! Дүйнөлүк көчмөндөр оюндарын ачык деп жарыялайм!"