Бүгүн, 10-сентябрь күнү саат 06:14 чамасында Бишкек шаарындагы мейманканалардын биринде өрт чыкты. Бул тууралуу ӨКМнын басма сөз кызматы билдирди.
Маалыматка караганда, Рыскулов жана Кулуев көчөлөрүнүн кесилишиндеги мейманкананын экинчи кабаты өрттөнүп, 400 чарчы метри күйүп кетти. Өрттү өчүрүүгө Өрт-куткаруу кызматынан 3 өрт өчүрүү бөлүмү тартылган. Учурда тилсиз жоо өрт өчүрүүчүлөр тарабынан чектелген.