"Инфоком" мамлекеттик ишканасына жаңы кеңсе берүү боюнча чечим чыкты

Мамлекеттик каттоо кызматынын алдындагы "Инфоком" ишканасына Бишкек шаарындагы Камская көчөсү-6 дарегинен кеңсе бөлүп берүү боюнча өкмөт чечим кабыл алды. Тийиштүү жарлыкка премьер-министр Жоомарт Оторбаев 4-сентябрда кол койду. Маалыматка таянсак, президенттин жана өкмөттүн Иш башкармалыгына тийиштүү тапшырма берилип, "Инфоком" ишканасына имараттын 1-кабатынан 506,8 чарчы метр жана 431,8 чарчы метр аянттагы кеңсе берилмей болду. Мурда аталган ишкана Манас проспекти-28 дарегинде жайгашкан болчу. 
Айта кетсек, "Инфоком" Кыргызстандын жарандарына паспорт берүү иши менен алектенет.      
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан