Бүгүн түнү Мырзаке - Кара-Кулжа - Алайкуу унаа жолунун 50-чакырымына тоодон таш түштү. Бул тууралуу ӨКМнын басма сөз кызматы бүгүн, 10-сентябрда билдирди.
Маалыматка караганда, тоодон түшкөн таштын болжолдуу көлөмү 20 метр кубду түзгөн. Мунун кесепетинен буулган унаа жол ачыла элек. Учурда тазалоо иштери жүрүп жатат.