Чүй проспектинде жол кырсыгы катталып, бир адам каза тапты. Бул тууралуу окуяга күбө болгон жарандар бүгүн, 10-сентябрда билдиришти.
Маалыматтарга караганда, бүгүн эртең менен саат 08:00 чамасында Чүй проспектинен ИИМ академиясынын студенти өз унаасы менен 35-40 жаштардагы жаранды сүзүп кеткен. Кырсыктан айынан аталган жаран окуя болгон жерде каза тапкан. Учурда укук коргоо органдары окуя болгон аймакта иш алып барышууда.