Кыргызстандын Мамлекеттик салык кызматы Жол-кайгуул кызматы менен биргеликте автоунаасына салык төлөбөгөн жарандарды аныктоо үчүн рейд баштады. Муну мекеменин басма сөз кызматы кабарлады. Айдоочулар өзүнүн жанына айдоочулук күбөлүк менен техпаспорттон тышкары салык төлөгөнү боюнча дүмүрчөк алып жүрүшү керектиги айтылды. Учурда автоунааларга салык жыйноо уланып жатат. 1-сентябрга чейин салык төлөбөгөндөр эми салыкка кошумча 2 миң сом айып пул жана ар бир кечиктирилген күн үчүн туум төлөшөт. "Айдоочулар салыктан качкандарды аныктоо акциясына ар кандай реакция жасашууда. Айрымдары унаа үчүн айып пул менен кошо салык төлөөгө милдеттүү экендиктерин айтышса, башкалары жолдордун абалы начар экенин айтып салыктан качышууда. Мындай учурда жолдор кайсы акчага оңдолот, түшүнүксүз",- деп билдирет мекеменин басма сөз кызматы.
Эскерте кетсек, автоунааларга салык төлөө мөөнөтү 1-сентябрда аяктаган.