Бүгүн, 10-сентябрда Жогорку Кеңештин жыйынында депутат Жоомарт Сапарбаев чет өлкөдөн кирген унаалардын кымбаттаганына байланыштуу өкмөттүн жообун угууну талап кылды.
"Унаалар 2015-жылдан тартып кымбаттайт" деп жарандар бизге кайрылып жатышат. Аларды тынчсыздандырбай, ушул боюнча өкмөттүн жообун угуп койсок. Ушул жерге чакыралы",- деди Сапарбаев.
Спикер Асылбек Жээнбеков өкмөт бул маселе боюнча кийинки аптада жооп берүүгө даярданып жатканын айтты.