Жоомарт Оторбаев Катардын жаштар министри менен кызматташтык боюнча сүйлөштү

Премьер-министр Жоомарт Оторбаев 9-сентябрда Катардын жаштар жана спорт министри Салах бин Ганим Аль-Али менен жолугушту. Өкмөттүн басма сөз кызматы билдиргендей, Оторбаев Дүйнөлүк көчмөндөр оюндарына катышуу үчүн келген министрге ыраазычылык айтып, иш-чаранын көчмөн элдери үчүн мааниси зор экенин белгиледи. Бишкекте 2012-жылы Катардын элчилигинин ачылышы эки тараптуу мамилелердин өнүгүшүнө жаңы түрткү бергенин кошумчалады өкмөт башчы. Тараптар өлкөлөр ортосундагы соода-экономикалык кызматташтыкты өнүктүрүү боюнча пикир алышты. Салах бин Ганим Аль-Али Дүйнөлүк көчмөндөр оюндары эл аралык мамилелерди бекемдей турганын, Катар Кыргызстан менен байланышты күчөтүүгө кызыкдар экенин билдирди. 
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан