Баткен облусунда чек арачылар тарабынан 2 даана башкаруусуз реактивдүү снаряд табылды. Бул тууралуу бүгүн, 10-сентябрда Чек ара кызматынан билдиришти.
Маалыматка караганда, учурда бул боюнча оперативдүү топ иштеп жатат. Снаряд табылган жер чек арачылар тарабынан курчоого алынган.