Бүгүн, 10-сентябрда Улуттук статистика комитетинде республиканын социалдык-экономикалык өнүгүүсүнүн жыйынтыгы боюнча басма сөз жыйыны өттү.
Жыйынтыктоо иштери жана статистикалык маалыматтарды жайылтуу бөлүмүнүн башчысы Чынара Турдубаеванын айтымында, ички дүң продукция алдын ала баалоо боюнча 8 айдын жыйынтыгында 221,7 миллиард сомду түзгөн. Бул өткөн жылга салыштырмалуу 3,5 пайызга көбөйдү дегенди түшүндүрөт.