Бүгүн, 10-сентябрда Жогорку Кеңештин жыйынында депутат Улукбек Кочкоров: "Өкмөт сырттан кирген унааларга бажы төлөмдөрүн өзү каалагандай коюп жатат. Бул элдин кыжырын пайда кылууда",- деп билдирди. "Баалардын кымбаттап жатканы азыртадан байкалууда. Сиздер өзүңүздөр каалаган бааны коюп жатасыздар",- деп кошумчалады Кочкоров.
Кесиптешинин пикирин колдоого алган депутат Дастан Бекешев Буткул дүйнөлүк соода уюму Кыргызстанга санкция киргизип коюушу мүмкүн экенин айтат. "Бажы биримдигине киребиз деп мыйзамдарды өзгөртүп жатабыз. Эртең Бүткүл дүйнөлүк соода уюму Кыргызстанга санкция киргизип койсо эмне кылабыз? Ошон үчүн эки тарабын карап мыйзам кабыл алалы",- деди депутат.