"Коопсуз шаар" долбоорун ишке ашыруу үчүн тендер жарыяланды

Кыргызстанда "Коопсуз шаар" долбоорун ишке ашыруу боюнча тендер жарыяланды. ИИМдин маалыматына таянсак, тендердик комиссиянын жыйыны өттү. "Негизги принцип - тендерди өткөрүүдөгү жана долбоорду ишке ашыруу үчүн жеке өнөктөштөрдү тандоодогу ачыктык жана адилеттүүлүк" деп белгиленет маалыматта. Биринчи этабы 10-сентябрдан 9-октябрга чейин деп жарыяланды. Тендердик комиссиянын курамына министрликтердин өкүлдөрү, Жогорку Кеңештеги бардык фракциялардан депутаттар, Бишкек жана Ош шаарларынын вице-мэрлери жана башкалар кирип, комиссияны ички иштер министринин орун басары Курсан Асанов жетектейт. 
Айта кетсек, долбоор ишке ашса, өлкөдө автоматташтырылган видеобайкоо, фото жана видеофиксация системи иштеп баштайт. Ошондой эле каттоонун бирдиктүү электрондук борборун түзүү жагы каралган. Бул жарандардын кайрылууларына ыкчам чара көрүү боюнча укук коргоо органдарынын, Башкы прокуратуранын ишинин натыйжалуу болушуна шарт түзмөкчү. 
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан