Кыргызстандагы техникалык жөнгө салуунун негиздерин ыраатташтыра турган мыйзам долбоору добуш берүүгө жиберилди

Жогорку Кеңештин 10-сентябрында өкмөт тарабынан демилгеленген “Кыргызстандагы техникалык жөнгө салуунун негиздери жөнүндө” мыйзам жоболорун ыраатташтырууга багытталган мыйзам долбоору экинчи окууда каралды. Баяндамачы депутат Замир Бекбоевдин айтымында, мыйзам долбоору укук-ченемдик актыдагы айрым так эместиктерди жоюу, ошондой эле аны эл аралык стандарттарга шайкеш келтирүү максатында иштелип чыккан.

Ал эми Экономика министрлигинин статс-катчысы Айдай Курманова мыйзам долбоорунда Бажы биримдигинин талаптарына да ылайык келтирүүгө багытталган өзгөртүүлөр менен толуктоолор да киргизилип жатканын, Бажы бирлигинин талаптары эл аралык ченемдерге дал келерин айтты. "Буга чейин бир катар мыйзамдардын мыйзам алдындагы актылары иштелип чыккан эмес. Мыйзам долбооруна карата кошумча сунуштар келип түшкөн да эмес",- деди статс-катчы. 

Аталган мыйзамдын долбоору депутаттар тарабынан айтылган пикирлерди эске алуу менен экинчи окууда добуш берүүгө жөнөтүлдү.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан