Республиканын тышкы соода жүгүртүүсү азайганы тууралуу Улуттук статистика комитетинин журналисттер менен болгон жолугушуусунда бүгүн, 10-сентябрда айтылды.
Маалыматтарга караганда, быйылкы жылдын алгачкы 7 айында тышкы соода жүгүртүү 3,7 миллиард долларды түзгөн. Бул былтыркы жылдын ушул айларына салыштырмалуу 5,2 пайызга аз дегенди түшүндүрөт. Тышкы соода жүгүртүүнүн көлөмүнүн төмөндөшүнө керосин, газ, бензин, дизель майынын, ошондой эле канттын жана кийим-кеченин импорттук түшүүлөрүнүн азайганы себеп болгондугу маалымдалды.