Бүгүн, 10-сентябрда Ош улуттук драма театрында "Югстрой" жана "Югэнерго" компанияларынын энергетикалык багыттагы көргөзмөсүнүн ачылышы болуп өттү. Ага бир катар энергетика тармагында эмгектенген жетекчилер жана жергиликтүү тургундар катышышты.
Анда дүйнөнүн бир канча өлкөлөрүнөн келишкен компаниялардын адистери семинарларды өткөрүшүп, энергетиканы колдонууда үнөмдөө боюнча багыт берилди.