Премьер-министр Жоомарт Оторбаев 9-сентябрда "Газпром" ААКсынын Башкаруучу кеңешинин төрагасы Алексей Миллер менен жолугушту. Жолугушууда өкмөт башчы Миллердин кыска аралыкта Кыргызстанга эки жолу иш сапары менен келиши "Газпром" менен Кыргызстандын кызматташтыгына кошумча импульс тартуулаганын белгиледи. "Газпромдун" кызматкерлери тарабынан компаниянын Кыргызстандагы долбоорлорунун потенциалына терең анализ жасалды. Кызматташтык боюнча зарыл болгон сунуштамалар берилди. Компаниянын өлкөгө келиши менен коомдо чоң ишеним пайда болду. Биз дагы амбициялуу пландарды белгилегенбиз",- деди Оторбаев.
Миллер компания тез жана эффективдүү иш жүргүзүүнү пландап жатканын айтты. "Биздин максаттар чындап эле амбициялуу. Биз үчүн эң башкысы - Кыргызстандын аймактарын газ менен камсыздоону кеңейтүүдө жана газ менен камсыздоонун ыңгайлуулугун жогорулатууда ийгиликке жетишүү. Азырынча өлкөнүн 25 пайызы гана газ менен камсыздалган",- деди Миллер.
Тараптар күз-кыш мезгилине даярдык, түндүк-түштүк газ түтүгүн куруу долбоорун пландоо боюнча кенен пикир алышканын өкмөттүн басма сөз кызматы билдирет.