Мыктыбек Абдылдаев: “Орусия "Кыргызстан Бажы биримдигине 2015-жылдын 15-апрелинде кирет" десе, өкмөт болбой эле "жаңы жылга чейин киребиз" деп жатат"

Жогорку Кеңештин 10-сентябрдагы жыйынында депутат Мыктыбек Абдылдаев өкмөттүн Бажы биримдигине кирүүгө карата жасап жаткан аракетин сынга алды. Анын айтымында, Орусия Кыргызстанды биримдикке кайсы убакытта кирет десе, ошол мөөнөткө даярданыш керек.  

Орусиянын өкмөтү "Кыргызстан Бажы биримдигине 2015-жылдын 15-апрелинде кирет. Ошол убакытка документти даярдагыла" деген. А биздин өкмөт ага болбой эле "жаңы жылга чейин киребиз" деп болгон аракетин жасап жатат. Орусия бийлиги айтканын айткандай кылат. Биз минтип эптеп эле мыйзамдарды кабыл алып жатабыз. Туура эмес болуп калса, алар дагы артка кайтарат, "туура эмес болуп калыптыр, кайра карап чыккыла" деп. Ошон үчүн шашпай, бардык документтерди бирден алып кирбей, пакети менен алып кирип карайлы”,- деди Абдылдаев. 

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан