Бишкекте зордуктоого шектелгендер кармалды. Бул тууралуу Бишкек ШИИББинин басма сөз кызматы бүгүн, 10-сентябрда билдирди.
Маалыматка караганда, милиция кызматкерлерине Кант шаарынын 22 жаштагы Айсалкын аттуу тургуну кайрылган. Анда ал 20-25 жаштагы эки белгисиз адам күч колдонуп зордукташканын айткан. Бул боюнча ыкчам иштер жүрүп, кылмышка шектүү катары 1993-жылы туулган Байтур жана Калыбек кармалган. Учурда тергөө амалдары жүрүп жатат.