Экономика министрлиги "Жер-Үй", "Бел-Алма", "Арым-2" кендерин иштетүү укугун берүү боюнча ведомстволор аралык сынактык комиссия түзүү жөнүндө жарлыктын токтомун өкмөткө киргизди. Муну бүгүн, 10-сентябрда министрликтин басма сөз кызматы билдирди. Долбоордун максаты - инвестиция тартуу жана ири кендерди иштетүү укугун сынактан тышкары берүүнү токтотуу. Өкмөттүн тийиштүү токтомуна ылайык, жогоруда аталган 3 кен жалпы мамлекеттик маанидеги кендердин тизмесинде экенин белгилейт министрлик. Демек, бул кендерди иштетүү укугу сынактык негизде гана берилүүгө тийиш.