Талап-тоноочулардан коргонгон адамдарга кам көрө турган мыйзам долбоору сунушталды

Бүгүн, 10-сентябрда Жогорку Кеңештин жыйынында “КРнын Кылмыш-жаза кодексине өзгөртүүлөрдү жана толуктоо киргизүү жөнүндө” мыйзамдын долбоорунун концепциясы каралды. Депутат Эристина Кочкарованын айтымында, сунушталып жаткан мыйзам долбоорунун маңызы жарандардын өз үйүндө өз өмүрүн жана ден соолугун, мүлкүн, өз жакындарынын өмүрүн жана ден соолугун, мүлкүн коргоо үчүн жасаган бардык аракеттери зарыл коргонуу катары каралышы керек экендигинде турат.

Мындай аракеттер зарыл коргонуунун чектеринен ашып кеткендигин далилдөө иши айыпталуучуга эмес, айыптоочу тарапка жүктөлүүгө тийиш. Бул болсо өз үйүндө өзүн жана өзүнүн жакындарын коргогон адам кийин башка бир адамдын (кол салуучунун) ден соолугуна жана өмүрүнө атайылап залал келтиргендик, аны өлтүргөндүк үчүн айыпталуучу жана соттолуучу болуп калган кырдаалдарга жол бербөө үчүн керек.

Сунушталып жаткан түзөтүүлөр мыйзамды бекем тутунган ар бир адамдын жеке керт башынын кол тийгистигин камсыз кылуунун деңгээлин жогорулатууга, мунун натыйжасында кылмыштуу кол салуулардын санын азайтууга алып келет деп кабыл алууга болот. Ар кандай ууру-кескилердин жана талап-тоноочулардын карасанатай ниеттерине бөгөт коюуга мүмкүндүк берет.

Мыйзам долбоору депутаттардын сунуштарын кабыл алуу менен 1-окууда добуш берүүгө жөнөтүлдү.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан