Депутаттар Ысык-Көлдө кулап түшкөн тик учак боюнча Куралдуу күчтөрдүн Башкы штабынын жетекчисин сынга алышты

Бүгүн, 10-сентябрда Жогорку Кеңештин депутаттары Ысык-Көлдө тоо арасында кырсыктап калган туристти куткарууга барып кулап түшкөн тик учак боюнча Куралдуу күчтөрдүн Башкы штабынын жетекчисин сынга алышты. 

Депутаттардын суроолоруна штаб жетекчиси Асанбек Алымкожоев жооп берүүдө. 

Депутат Мыктыбек Абдылдаев штабдын тик учактарын айыл чарба же жеке кызматтарга пайдаланбай, мамлекетти коргоого пайдаланыш керек экенин айтты. "Штабдын карамагында канча учак бар? Менин колумда кагаздары турат, 6 учакты айыл чарба тармагына пайдалангандыгы боюнча. Эртең бир нерсе болуп кетсе эмне болот, кантип коргонобуз? Бул маселеге дагы далай жолу кайрылабыз",- деди Абдылдаев.   

Алымкожоев жалпы он тик учак болсо, анын үчөөсү гана иштей турганын айтты.  

"Тик учакты минтип пайдаланып турбаса, эки гана жылда жарактан чыгып калат. Биз ушинтип анча-мынча пайдаланып турабыз. Анда такыр эле учурбай коёлу",- деп жооп берди Алымкожоев. 

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан