Надира Нарматова, депутат: "Куралдуу күчтөр былтыр тик учагын берип турганда балам тирүү калмак"

Бүгүн, 10-сентябрда парламент депутаттары жайында Ысык-Көлдө кулап түшкөн тик учак боюнча Куралдуу күчтөрдүн Башкы штабынын башчысы Асанбек Алымкожоевдин маалыматын угуп жатышат. Жыйында депутат Надира Нарматова "Куралдуу күчтөрдүн Башкы штабынын тик учактарын жеке жарандардын зарыл иши чыгып калганда пайдаланууга болобу?" деп кызыкты.

"Былтыр менин балам кырсыкка кабылып, эки саат жолдо жатып калганда Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин тик учагын суратсам жок экен. Сиздер уруксат бербей койгонсуздар. Уруксат берсеңиздер, мүмкүн, менин балам тирүү калмак",- деди Нарматова. 

Алымкожоев зарыл учурда жеке адамдарга да уруксат бериле турганын айтты. 

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан