2014-жылы Кыргызстандын армиясынын тик учактары аркылуу 25 адам куткарылган. Муну 10-сентябрдагы парламент жыйынында Куралдуу күчтөрдүн Башкы штабынын жетекчиси Асанбек Алымкожоев билдирди. Анын билдиришинче, тик учактын 1 сааттык ишине 34 миң сом жумшалат. "Быйыл биздин атайын эсепке 4 миллион 900 миң сом түштү",- деп билдирди Асанкожоев.
Коргоо министрлигиндеги 7 тик учакты капиталдык оңдоодон өткөрүүгө 20 миллион доллар керектиги айтылды.