“Альтернативдүү суу булактарын пайдаланууну колго алышыбыз керек” дейт парламент депутаты

Кыргызстанда альтернативдүү суу булактарын пайдаланууну колго алуу керек. Мындай пикирди депутат Талантбек Узакбаев бүгүн, 10-сентябрда Жогорку Кеңештин “Парламент” радиосунун түз эфиринде билдирди.

Дүйнө жүзүндө суу көйгөйү курчуп, сугат суусу эмес, ичүүчү суу менен камсыздоо кыйындап бара жаткандыгын белгилеген депутат бүгүнкү күндө республикалык бюджеттин чамасы начар экенине байланыштуу таза суу менен камсыздоо кыйынга турарын белгиледи. “Мындай жагдайда альтернативдүү суу булактарын пайдаланууну колго алышыбыз керек. Аткаруу бийлиги ушул багытта да иш алып баруусу зарыл”,- дейт депутат. 

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан