Бүгүн, 10-сентябрь күнү Бишкек шаардык сотунда Нариман Түлеевдин иши боюнча сот отуруму уланды. Анда мэриянын өкүлү Медет Рыскулбеков жактоочулардын берген бир катар суроолоруна жооп бере алган жок. Мындан улам соттук коллегия ага даярдануу үчүн 1 жума убакыт берип, сот ишин кароону 16-сентябрга жылдырды.
Эске салсак, 2013-жылы 29-июль күнү Бишкек шаарынын Ленин райондук соту Түлеевди мүлкүн конфискациялоо менен 11 жылга эркинен ажыраткан. Ал коррупциялык иштер боюнча айыпталган. Аны менен кошо иштеген айыпталуучулар да 5 жылдан 13 жылга чейин эркинен ажыратылган.