“Айыл чарба министрлиги дүйнөлүк баага анализ кылып, дыйкандарга эмнени эгүү боюнча сунуштамаларды берип туруусу зарыл”,- деди депутат Талантбек Узакбаев “Парламент” радиосунун 10-сентябрдагы түз байланышында. Дыйкандардын өндүргөн өнүмдөрүн сатып өткөрүүгө Айыл чарба министрлиги көмөктөшүүсү керектигин айткан депутат өкмөт күзүндө кайсы түшүмгө суроо-талап болорун алдын ала болжоп, дүйнөлүк, кошуна мамлекеттердеги бааларга талдоо кылып, эмнени эгүү натыйжалуу болоруна багыт бериши керектигин баса белгилейт.
Айыл чарба жана мелиорация министрлигин жоюп салуу сунушуна макул эместигин айтат. “Мамлекеттин алдында азык-түлүк коопсуздугун камсыздоо үчүн аткара турган иштер бар. Аны ким аткарат? Албетте, Айыл чарба министрлиги”,- дейт депутат.