Кыргызстанда учурда ден соолугунун мүмкүнчүлүгү чектелүү 155 миң жаран бар, алардын 4 миңден ашыгы тынымсыз кам көрүүгө жана көзөмөлдөөгө муктаж жарандар. Муну социалдык өнүгүү министринин орун басары Жылдыз Полотовага шилтеме берүү менен министрликтин басма сөз кызматы кабарлады. Маалыматка таянсак, ден соолугунун мүмкүнчүлүгү чектелүү жарандардын 26 миңи 18 жашка чейинкилер.
Тегерек столдордун биринде Полотова буларды айтты: "Тынымсыз көзөмөлгө муктаж балдары бар үй-бүлөдө ата-энесинин бири иштебегенге туура келет. Мындайда комплекстүү түрдө колдоо керек. Бирок азыркыга чейин министрлик, мекемелердин социалдык кызмат көрсөтүүсүнүн эффективдүүлүгүн камсыздаган механизм жок".