Кемин районунда "алыс тууганын өлтүргөн" деп шектелип айым кармалды. Бул тууралуу Чүй ОИИББинин басма сөз кызматы бүгүн, 10-сентябрда билдирди.
Маалыматка караганда, 10-август күнү Чоң Чүй каналынан жашы 55-60 чамасындагы аялдын жансыз денеси табылган. Сөөктү текшерүү учурунда маркумдун соккудан улам каза тапканы белгилүү болгон. Аталган факты боюнча иликтөө иштери жүрүп, кылмышка шектүү катары 43 жаштагы Т.О. аттуу аял кармалган.
Сурак учурунда ал кылган ишин мойнуна алган. Анын айтымында, ошол күнү алыс тууганы менен бирге арак ичип отуруп, уруша кетишкен. Андан соң маркумду таш менен башка чаап өлтүрүп, Чоң Чүй каналына таштап салган.
Учурда кылмыш иши козголуп, тергөө амалдары жүрүп жатат.