Эртең, 11-сентябрда Бишкектин жана Чүйдүн айрым жерлеринде электр жарыгы өчүрүлөт. Бул тууралуу "Түндүк электрдин" басма сөз кызматы билдирди.
Маалыматка караганда, саат 09:00дөн 17:00гө чейин борбордогу Абдрахманов көчөсүндөгү №136-көп кабаттуу үйлөрдө, Салиева, Саратовская, Огонбаев, Западная, Каширская, Ахунбаев, Жукеев-Пудовкин көчөлөрүндө, Чоң-Арык айылында, Дордой-1, Эне-Сай конуштарында №1886, 312-трансформаторлорундагы, №1404-трансформаторун монтаждоо, «Мамбетова» көмөк чордонунан чыккан ТП №528 тараган 10/6-0,4 кВт аба электр берүү чубалгыларындагы оңдоо иштерине байланыштуу электр жарыгы үзгүлтүккө учурашы мүмкүн.
Ошондой эле Чүйдүн Аламүдүн районундагы Кашка-Суу, Байтик, Арашан, Таш-Мойнок айылдарында, Көк-Жар айылындагы (Малиновка, Чоң-Багыш, Эгимов, Үмөталиев, Аскерлер госпиталы), Кара-Жыгач, Маевка айылындагы (Жаш Гвардия, 8-Март, Октябрьская, Курманалиев, Набережная, Ала-Арчинская, Арычная, Тепличная, Восточная, Сельская, Строительная, Больничная, Школьная көчөлөрү), Восток айылындагы (Ленин, Совет, Тынчтык, Кыргызстандын 60 жылдыгы, Озёрная, Степная көчөлөрү), Лебединовка айылындагы (Северная, Калинин, Чкалов, Комсомольская, Мичурин, Набережная көчөлөрүндө, Победа проспектинде), Аламүдүн айылындагы (Некрасов, Суворов, Заводская чолок көч.), Ленинское айылындагы (Линейная, ПМК-3, чоң жолдун түндүк тарабы), Бирлик айылындагы (Молодёжная, Парковая көчөлөрү), Таш-Дөбө айылындагы (Горький, Ленин, Подгорная, Южная, Советская, Колхозная, Нарынская, Бегельдинов, Ала-Тоо, Кооперативная, Больничная, Аптечная, Первомайская, Каракольская көч., Зелёная кичи көч.); Жайыл районуна караштуу Мал-Табар айылында, Москва районуна караштуу Төмөн-Суу, Ат-Башат, Бала-Элчи, Чоң-Мурак, Кызыл-Дыйкан айылдарында, Ак-Суу капчыгайында «25-лет Киргизии», «Стрельниковой», «Майская», «Главная», «Бирлик», «Нур», «Лермонтов», «Кашка-Суу», «Кара-Жыгач», ЛГЭС, «Кара-Балта» көмөк чордонунан тараган 6/10 кВт аба электр берүү чубалгыларында, «Төмөн-Суу» көмөк чордонунан тараган жогорку чыңалуудагы 35 кВт «Сосновка-Төмөн-Суу» аба электр берүү чубалгыларында оңдоо иштерине байланыштуу убактылуу электр энергия үзгүлтүккө учурашы мүмкүн.
Мындан сырткары Бишкектеги Пушкин, Жаш Гвардия, Рыскулов, Ала-Арча, Мраморная, Жибек Жолу, Бейшеналиева, Зелёная, Ленская, Кызыл-Аскер, Фучик, С.Лазо, Скандинавский, Ремесленная, Нахимов, Рылеев, Островский, Тойгонбаев, Деповская, Осмонов, Тажик, Механический, Ош, Ат-Басар, Кузбасс, Макеев кичи көчөлөрүндө “акылдуу” эсептегичтердин коюлушуна байланыштуу электр жарыгы өчүрүлөт.