"Майып адамды бычак менен коркуткан" деген шек менен 28 жаштагы жаран колго түшүрүлдү. Бул тууралуу Бишкек ШИИББинин басма сөз кызматы бүгүн, 10-сентябрда билдирди.
Маалыматтарга караганда, Айбек аттуу 2-топтогу майып жаран үйүндө жалгыз калган мезгилде 25-30 жаштардагы белгисиз адам кирип келип, моюнуна бычак такап коркутуп баштаган. Муну Айбектин коңшусу көрүп калып, жардамга чакырып кыйкырып жиберген. Мындан соң шектүү жаран качууга аргасыз болгон. Кийин аталган окуя боюнча милицияга билдирилип, ыкчам аракеттердин натыйжасында кылмышка шектүү болгон Ильдар аттуу жаран кармалган. Ал өзүнүн аракеттерин түшүндүрүүдөн баш тарткан. Учурда ал убактылуу кармоочу жайга камалып, иликтөө иштери жүрүп жатат.