Борбор калаадагы Биринчи Май райондук администрациясынын отурум залында күз-кыш мезгилине даярдык көрүү туурасында жыйын өткөрүлдү. Бул тууралуу 10-сентябрда Бишкек мэриясынын басма сөз кызматы билдирди.
Отурумга администрация башчысы Аскербек Алиев катышып, 2014-2015-жылдын күз-кыш мезилине даярдыктар талкууга алынды. Жыйынтыгында райондун башчысы Жергиликтүү аймактык башкармалыгына, тиешелүү кызматтын жетекчилерине жана орто мектептердин директорлоруна атайын тапшырма берди. Мындан сырткары шаар тургундарына электр тармагынын абалын, электр энергиясын сарамжалдуу иштетүү менен жылуулук иштетүүдө көмүрдү колдонуу сыяктуу түшүндүрүү иштерин жүргүзүүнү тапшырды.