Чаткалдагы “Фонта” алтын казуучу ишканасын тоногондор табыла элек. Бул тууралуу Жалал-Абад ОИИБинин басма сөз кызматы бүгүн, 10-сентябрда билдирди.
“Учурда кылмышкерлерди издөө иш-чаралары жүрүп жатат. Алар жүрүшү мүмкүн делген жерлер кароого алынууда”,- деди басма сөз кызматы.
Эске сала кетсек, үстүбүздөгү жылдын 7-сентябрь күнү саат 01:40 чамасында Чаткал районунун Чакмак-Суу айылында жайгашкан “Фонта” алтын казуучу ишканасына бет капчан эки жаран келип ок атуучу курал менен күзөтчүнү атып, 5 килограммдан ашык алтынды алып кетишкен.