Бүгүн, 10-сентябрда Борбордук Азиядагы Америка университети менен Европадагы Коопсуздук жана кызматташтык уюмунун академиясынын студенттери Жогорку Кеңештеги үч айлык иш тажрыйбаларын жыйынтыкташты. Иш-чарага депутаттар Дастан Бекешев, Роза Акназарова, Америка кеңешинин директору Ребекка Гордан, ЕККУнун Өнүктүрүү борборунун кеңешчиси Диана Дигол катышты.
Программанын бүтүрүүчүлөрүнүн айтымында, алар өздөрүнүн билим алуу багыты жана даярдык деңгээли эске алынуу менен Жогорку Кеңештин комитеттери менен бөлүмдөрүндө иш алып барышкан. Студенттер бул иш тажрыйба парламенттин иши тууралуу түшүнүк алууга, мыйзам чыгаруу ишинин баштапкы этабы менен жакындан таанышууга мүмкүнчүлүк болгонун айтышты.
Үч айга созулган иш тажрыйбанын жыйынтыгында студенттер эмгегин кыскартуу, көмүскө иммиграция, парламенттик оппозиянын иши сындуу темаларда отчёт тапшырышты.