Айдоочулук күбөлүк боюнча маалым кат мындан ары бекер болот

2014-жылдын 4-сентябрынан баштап автоунаа айдоочуларын даярдоочу жайларда окуп жаткандар үчүн айдоочулук күбөлүгү жок экенин далилдей турган маалым катка (справка) акча төлөө талабы жоюлду. Муну бүгүн, 10-сентябрда Мамлекеттик каттоо кызматынан билдиришти. "Эми күбөлүктүн жоктугун Транспорттук каражаттарды жана айдоочулук курамды каттоо департаменти жана МККнын алдындагы Маалыматтык тейлөө адистештирилген борборунун кызматкерлери текшеришет" деп айтылат маалыматта.  
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан