
* Мындан 79 жыл мурун, 1935-жылы кинорежиссёр, Кыргыз ССРинин Эл артисти
Төлөмүш Океев Ысык-Көл облусундагы Тоң районуна караштуу Бөкөнбаев айылында туулган. Ленинград киноинженерлер институтун, ВГИКтин эки жылдык режиссёрлук жогорку курсун бүтүргөн. Ал 1963-жылдан баштап "Аптап", "Биздин балалыктын асманы", "Карамүртөз", "Кызыл алма", "Улан", "Ак илбирстин тукуму", "Махабат закымы" сыяктуу тасмаларды тарткан. Анын "Бакайдын жайыты" тасмасы Кыргыз ССРинин Комсомол, ал эми "Уркуя" фильми Кыргыз ССРинин Токтогул атындагы сыйлыгына татыктуу болгон.

* Мындан 71 жыл мурун, 1943-жылы баарыбызга белгилүү болгон советтик кырдуу стакан Орусиянын Гусь-Хрустальный шаарындагы айнек чыгаруучу заводунан чыгарылган. Анын дизайнын советтик айкелчи
Вера Игнатьевна иштеп чыккан деп айтылганы менен, расмий түрдө такталган эмес. Стакандын кырлары аны жаткызганда столдун үстүнөн тоголонуп кетпеши үчүн ойлонуп жасалган.

* Мындан 41 жыл мурун, 1973-жылы Чилиде ЦРУ каржылык кылган аскердик төңкөрүш болуп өткөн. Мыйзамдуу шайланган президент
Сальвадор Альенде өлтүрүлүп, бийликке генерал
Пиночет келген.
Аугусто Хосе Рамон Пиночет Угарте — чилилик мамлекеттик ишмер. Чилини 1973-1990-жылдары башкарып, диктатор катары көпчүлүктүн эсинде калган. 2006-жылы 90 жаштагы Пиночетке "күнөөсүз адамдарды өлтүргөн, 1973-1990-жылдары “Вилла Грималди” деп аталган жашыруун түрмөдө кыйноолорду колдонгон, адам укуктарын тебелеп-тепсеген" деп айып коюлуп, үй камагына алынган. Ал убакытка чейин Пиночет ден соолугунун начар абалына байланыштуу кылмыш жазасынан кутулуп келген. Пиночет 91 жаш курагында Сантьягодо жүрөк талмасынан каза болгон. Ал каза болгондо миңдеген чилиликтер кубанып, демонстрацияга чыгышкан.

* Мындан 13 жыл мурун, 2001-жылы АКШнын Нью-Йорк шаарында “Аль-Каида” экстремисттик уюму Бүткүл дүйнөлүк соода борборун жана өлкөнүн Коргоо министрлигинин имаратын талкалап, 2977 киши каза болуп, 24 киши дайынсыз жоголгон.