Дин иштери боюнча мамлекеттик комиссиянын мурдагы жетекчиси Абдилатиф Жумабаевдин 80 миң долларлык уурдалган унаасы табылды

Ички иштер министрлигинин басма сөз кызматынын бүгүн, 10-сентябрдагы берген маалыматына караганда, үстүбүздөгү жылдын 17-августунда Исанов жана Москва көчөлөрүнүн кесилишинде 80 миң долларлык Лексус LX 570 унаасынын уурдалганы боюнча милиция кызматкерлерине маалымат келип түшкөн.  Бул боюнча кылмыш иши козголуп, иликтөө иштери жүргөн. Анын жыйынтыгында 2-сентябрь күнү кылмышка шектүүлөрдүн бири 1991-жылы туулган Бишкек шаарынын тургуну кармалган. Ошол эле күнү уурдалган унаа Бишкек шаарындагы турак үйлөрдүн биринен табылган.

Учурда кармалган жаран убактылуу кармоочу жайга киргизилип, башка кылмышка шектүүлөрдү кармоо иштери жүрүп жатат.

Ал эми айрым маалымат булактары унаа Дин иштери боюнча мамлекеттик комиссиянын мурдагы жетекчиси, учурда Кыргызстандын Сауд Арабиядагы элчиси Абдилатиф Жумабаевге тиешелүү экендигин жазып чыгышты.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (7)
Dadin1
2014-09-10 19:44:34
Буларындын бир жылдап тапкан кирешелери 1млн сомдон ашпайт анан 80000 доллардык машинаны кайсы акчасына алды экен,не болгон акча болдукен.Коррупйия менен курошкондор бир текшерип койбойсунарбы?? же карга карганын козун чукубайт деген жомок болобу.?
+7
Alisher
2014-09-10 20:28:59
ХХХ ХХХ ХХХ... ozu kirgizstanda akilduu el uchun kizmat kilayin degen jashtardi jalgan jalaa mn aydap kayra ele oshol eski juzdor eeleyt oorunduktardi.A.Jumabaevda kirgizstan degen patriot jash jigitterden biroosu kayakta bolbogon sayasattar dagi bashtaldi...
+1
admin_portal
2014-09-11 09:53:14
Alisher - эскертүү!
Сайттын же гезиттин ЖАЛПЫ ИШМЕРДҮҮЛҮГҮНӨ байланыштуу сын-пикирлер info@super.kg же admin@super.kg электрондук даректерге жазылып жөнөтүлүшү керек.
0
ksb
2014-09-11 08:11:19
Жалан айлыкка иштесе жылдык кирешеси каяктан миллион сом болот, айына 50 мин сом алса да ага жетпей жатпайбы.Башка эле бизнеси болбосо.Анан эле айдаган машинасы 80000 доллар.Мындай нерсе Кыргызстанда гана мумкун.20мин сом айлык алып, килейген особнякта жашап, крутой машинелерди айдашат.
+2
asiana
2014-09-11 10:27:31
Айлыкка жашаган адам табыш кыйын ,айлыкка жашаш андан да кыйын заман. Эгер ак эмгеги жеке бизнеси менен таап атса асылбаш керек корунгонго?
0
Odik11
2014-09-11 13:17:24
Ажылыктан жакшы пайда тушот, жонокой ажы башчылар эле доллар санайт кысталактар.
+1
Rayimbek
2014-09-11 15:55:10
Дин иштери боюнча комиссянын жетекчиси дегени айлык акы менен мындай машина алуу озу жакшы эмес.Эгерде дин илиминен кабардар адам биздин элдин жашоосун коруп туруп,мындай кылса коорупционер оздору да.
+1
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан