Бишкек шаарында 33 милиция бөлүмдөрү болсо, алардын имараттарынын абалы начар". Бул пикирди Бишкек шаардык ИИББинин башчысы Мелис Турганбаев мэр Иса Өмүркулов жана АКШнын Кыргызстандагы элчисинин жардамчысы Роберт Коборндун жолугушуусунун алкагында өткөн жыйында билдирди. "Милиция кызматкерлеринин ишин жакшыртуу үчүн аларга шарт түзүп беришибиз керек. Ушуну эске алып, борборго дагы 40 милиция бөлүмдөрүн ачып, аларды эмерек, байланыш түйүндөрү менен камсыз кылып, ал эми убактылуу кармоочу жайларга видеокамера орнотушубуз керек”,- деди Турганбаев. Бул сунушту колдогон мэр Иса Өмүркулов учурда балдардын кылмыштуулукка катышы көбөйгөнүн айтып, жаңы курула турган милиция бөлүмдөрүнө жашы жете элек балдар менен иштей турган инспекторлорду да ишке киргизүү керектигин белгиледи.