Грузиянын президенти Георгий Маргвелашвили үйлөндү

Грузиянын президенти Георгий Маргвелашвили расмий түрдө нике каттоосуна турду. Муну 10-сентябрда бир катар чет элдик маалымат булактары жарыялашты. 45 жаштагы президент өзүнүн көптөн берки таанышы, буга чейин жарандык никеде жашап келген Маке Чичуага баш кошту. Никелешүү аземи Грузиянын чыгышындагы Душети шаарында орун алганы айтылат. Өзүнүн үй-бүлөлүк абалы тууралуу Маргвелашвили мындан бир жыл мурун, президенттик шайлоо алдында сөз кылган. Анда грузин лидери "президенттикке талапкердин үй-бүлөсүз болгону жакшы эмес" деген сындарга жооп иретинде пиар үчүн үйлөнбөй турганын билдирген болчу. 
Айта кетсек, Маргвелашвили 2013-жылдын октябрында президент болуп шайланган. Ага чейин ал Улуттук демократиялык институтунда эксперт болуп иштеп келген. 
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан