Токтогул районунда “Кытай ишканасынын кызматкерин тоногон” деп шектелип 28 жаштагы жаран кармалды. Бул тууралуу бүгүн, 10-сентябрда ИИМдин басма сөз кызматы билдирди.
Маалыматка караганда, 29-август күнү милиция кызматкерлерине маалымат келип түшкөн. Анда Шылдырак жайлоосунда белгисиз адам жогорку чыңалуудагы зым чубалгыларын куруу менен алектенип жүргөн Кытай ишканасынын кызматкерин курал менен коркутуп, 20 миң сомун тартып алган. Бул боюнча кылмыш иши козголуп, иликтөө амалдары жүргөн. Анын натыйжасында кылмышка шектүү катары Базар-Коргон районунун 28 жаштагы тургуну кармалган.
Кармалган жарандын айтымында, жайлоодо жоголгон малын издеп жүргөн. Кечинде спирт ичимдигин ичип, анан кылмышка барган.
Учурда кылмыш иши козголуп, тергөө амалдары жүрүп жатат.