Өкмөт быйыл октябрь айында Талас облусунун 70 жылдык мааракесине карата салтанаттуу иш-чараларды өткөрүү боюнча жарлык чыгарды. Уюштуруу комитетинин курамы бекитилип, ага иш-чаралардын планын иштеп чыгуу жана салтанатты өткөрүү милдети жүктөлдү. "Мааракелик иш-чараны каржылоо демөөрчүлөрдүн жана башка материалдык каражаттардын эсебинен жасалсын" деп жазылат жарлыкта. Уюштуруу комитетинин курамында вице-премьер-министр Тайырбек Сарпашев (комитетке жетекчилик кылат), Талас облусунун башчысы Койсун Курманалиева, Жогорку Кеңештин депутаттары, айрым министрлер, жалпы 20 өкүл бар.