2017-жылга чейин Кыргызстандын энергетика тармагына 5 миллиард доллар жумшалат. Бул тууралуу "Кыргызстанды 2013-2017-жылдары туруктуу өнүктүрүүнүн Улуттук стратегиясында" жазылган. Маалым болгондой, бул жылдар арасында энергетика тармагында 16 долбоор ишке кирет. Алардын бири 2013-жылы 3,4 миллиард долларлык Камбар-Ата-1 ГЭСи. Ал эми Нарын-4 ГЭСинин курулушуна 412 миллион доллар жумшалмакчы. Мындан сырткары аталган стратегияда 2014-жылы Камбар-Ата-2 ГЭСинин экинчи, үчүнчү агрегаттарынын курулуш иштери улантылып, Бишкектеги Жылуулук электр борбору менен Ат-Башы ГЭСин жаңылоо белгиленген.