Баткендин Кадамжай районунда 22-августта өспүрүм бир тууган кыздарды автоунаасы менен сүзүп кетип, изин жашырган айдоочуну табуу үчүн Кадамжай РИИБи район тургундарынан жардам сурайт. Бул тууралуу бүгүн, 11-сентябрда аталган башкармалыктан билдиришти.
Ага ылайык, изделип жаткан адамды тапкан адамдын аты-жөнү купуя сакталарына кепилдик берилет жана 200 миң сом акчалай сыйлык тапшырылат.
Эскерте кетсек, өткөн айдын 22-августунда Кадамжай районунун Орозбеков айылында Хундай-Портер үлгүсүндөгү автоунаа бир тууган 4 жана 7 жаштардагы эки кызды сүзүп,
окуя болгон жерден качып кеткен. Натыйжада бир тууган эки кыз каза болгон. Бүгүнкү күндө издөө иштери уланууда. Көргөн-билгендер Кадамжай РИИБинин төмөнкү байланыш телефондоруна билдирип коюуну өтүнөт: (03655) 5-02-29, 6-07-78, 0770 50 00 65, 0773 08 12 12, 0779 55 04 55